Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:04

Кобилжондун өлүмү: Германияда орус консулдугу алдында тажик оппозициясынын акциясы өттү


Тажик оппозициясынын акциясы. Бонн, 21-декабрь 2025-жыл
Тажик оппозициясынын акциясы. Бонн, 21-декабрь 2025-жыл

Тажикстандык оппозиционерлердин тобу Орусиянын Бонн шаарындагы консулдугу алдында акция өткөрүп, 10 жаштагы Кобилжон Алиевдин өлүмүнө байланыштуу нааразылыгын билдирди. Митингге ондогон киши катышканын "Озоди" радиосу кабарлады.

Чогулгандар Москва облусундагы мектепте бычак жеп каза тапкан Кобилжондун жана Орусияда набыт болгон башка да тажикстандык балдардын сүрөттөрүн кармап турушту.

16-декабрда Одинцово районунда болгон трагедия иликтенүүдө. Тергөөнүн версиясына ылайык, 15 жаштагы Тимофей аттуу окуучу бычак менен адегенде кайтаруучуга, андан кийин Кобилжонго кол салган. Ал кылмышын телефонго тарткан.

Митингде тажикстандык оппозиционерлер Кремлдин негизги идеологу Александр Дугинди, депутат Сергей Мироновду, Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкинди жана ички иштер министри Владимир Колокольцевди улутчулдардын лидерлери жана козутуучулары деп аташты. Ошондой эле ушул жана башка бир нече адамга «улут аралык жек көрүүгө шыкактоо, мигранттардын ар-намысына акаарат келтирүү» үчүн Тажикстанга кирүүгө тыюу салууга үндөштү.

Оппозициянын билдирүүсүндө орусиялык аскердик базаны Тажикстандын аймагынан чыгаруу чакырыгы ташталат.

Орусиянын консулдугунан аларга кимдир бирөөлөр чыгып-чыкпаганы белгисиз.

Окуянын эртеси Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Душанбедеги элчисине нота тапшырып, кылмышты жакшылап иликтөөнү талап кылган.

Соңку жылдарда, өзгөчө Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда ксенофобия көрүнүштөрү, мигранттарды текшерүү, колго түшүрүү рейддери көбөйгөн. Сөз болгон кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, алар камакка алынган.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG