Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:54

Борбор Азия

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны. Санкт-Петербург. 2025-жылдын 21-декабры.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны. Санкт-Петербург. 2025-жылдын 21-декабры.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммити Санкт-Петербургда өттү. Анда Казакстандын президенти уюмдун ичинде жүк жеткирүүдөгү, жарандардын каттамындагы тоскоолдуктар маселесин көтөрдү.

Бул жыйын казак-орус чек арасындагы катаалдаган текшерүүдөн улам кыргызстандык тигүүчүлөр жапа чегип, кыйынчылыкка тушуккан учурда өттү. Кыргыз өкмөтү бул багытта орус тарап менен сүйлөшүп, абалды жөнгө салуунун аракетин көрүүдө.

Жасалма тоскоолдуктар жана таңуулоо куралы...

"Биз Wildberries аркылуу соода кылып жатканбыз. Анда бардык документтерди даярдап салабыз. Бул жактан жөнөтүлгөн товардын Орусиянын аймагына өтүшү аябай оор болуп турат", - деп сөзүн баштады "Азаттыкка" курган чакан маегинде ишкер Базаргүл Самиева.

Самиева тигүүчү цех иштетип, товарын көбүнчө Орусияга экспорттойт. Ал соңку үч айдан бери жеңил өнөр жай тармагында башка ишкерлер сыяктуу эле орус-казак чек арасындагы тоскоолдуктан жапа чеккендердин бири:

"Өзүңүздөр билгендей, тигүү тармагында иштеген жарандарыбыз көп. Азыркы убакта көптөгөн адамдар жумушсуз калууда. Бул чоң көйгөй. Азыр кеткен жүктөрдүн көбү өтпөй турат. Алардын арасынан өтпөй калгандары да бар. Жумушчуларга бир-эки жумадан дем алыш берип жатабыз".

Казакстандын Орусия менен чек арасында бир нече айдан бери оор жүк ташуучу машиналар топтолуп тургандыгы тууралуу маселе Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) лидерлеринин Санкт-Петербург шаарында өткөн соңку саммитинде көтөрүлдү.

Муну казак президенти Касым-Жомарт Токаев ачык айтып чыкты. Ал жарандардын өтүү, жүрүү эркиндигине жасалма тоскоолдуктар болуп жатканын айтты, чек араларда жүк ташуучу транспорт үчүн пайда болгон көп чакырымдык кезектерди жоюу зарыл экенин белгиледи:

Касым-Жомарт Токаев
Касым-Жомарт Токаев

"Бажылык жөнгө салуу жана транспорттук, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык тармакта мамлекеттик жөнгө салуу чаралары биримдиктин ичинде белгилүү бир чечимдерди таңуулоонун куралы катары колдонулбашы керек. ЕАЭБ түзүлгөндөн бери тоскоолдуксуз соода чөйрөсүн камсыздоого багытталган көптөгөн документтер кабыл алынган. Өз ара милдеттенмелерди так жана толук сактоо, тоскоолдуктарды өз убагында жоюу зарыл. Потенциалдуу тоскоолдуктарды ыкчам аныктоо үчүн комиссияга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзам чыгаруу демилгелерин мониторинг кылууга жасалма интеллект технологияларын кошуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталат. Бирдиктүү тоскоолдуксуз рыноктун толук иштешин жана товарлардын эркин транзитин камсыз кылуу артыкчылык бойдон калышы керек. Биздин жарандар жана ишкерлер интеграциянын практикалык пайдасын сезиши зарыл”.

Кыргыз президенти Садыр Жапаров, өз кезегинде, тоскоолдук канчалык аз болсо, биримдик ошончолук туруктуу болорун айтты. Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн соода жүгүртүүсү 100 миллиард долларга жеткенин белгиледи:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

"Өз ара соода интеграциянын иш жүзүндөгү көрсөткүчү болуп саналат. Тоскоолдуктар жана чыгымдар канчалык аз болсо, биримдик ошончолук туруктуу жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү ошончолук жогору болот. Бул жагынан алганда, быйыл ЕАЭБдин ички рыногунда тоскоолдуктарды аныктоо жана жоюу боюнча олуттуу иштер жүргүзүлгөнүн белгилей кетүү керек. Ошол эле учурда, жетишилген ийгиликтерге карабастан, биз кошумча көңүл бурууну жана координацияланган аракеттерди талап кылган бир катар кыйынчылыктарга туш болуудабыз. Мен мүчө мамлекеттер улуттук деңгээлде чечимдерди кабыл алууда ачык-айкын, туруктуу жана алдын ала айтууга боло турган соода шарттарын камсыз кылуу зарылдыгын толук эске алышы маанилүү деп эсептейм".

Чек арадагы узун кезек күтүүлөр тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин 27-ноябрда Бишкекке мамлекеттик сапары маалында журналисттерге маалымат берип, буга Казакстандан жүк ташуучу унаалардын тиешелүү документи жок эле орус чек арасынан өтүп жүргөнү себеп болгонун билдирген.

Кыргыз өкмөтү бул жагдайды жөнгө салуу боюнча иштер жүрүп жатканын айтып келет. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев атайын штаб иштеп жатканын, Орусия тарап менен орток оператор түзүү планы бар экенин билдирген.

"Бизден барган товарларды ошол оператор текшерип туруп, өткөнгө ыңгайлуу болсун. Биздин тигүү тармагында иштегендер өзүнүн товарын өзүнчө алып барса, каршылык жок, өтүп жатат. Бирок маркетплейстер аркылуу барган товарлардын “кошумча нарк салыгын ким төлөйт” деген маселе чыгып, кармалып калып жатат. Алар менен да сүйлөшүп чечип жатабыз, алар салык агенти болууга даяр. Ал жерге барган товарлардын кошумча нарк салыгын өздөрү төлөйт дагы, алуучуларга салык менен беришет”, - деген Касымалиев.

Өкмөт башчы Ozon маркетплейси менен маселе чечилгенин, жакында Wildberries менен да жөнгө салынарын түшүндүрдү.

Санкт-Петербург саммитинде чек арадагы кезек көйгөйү качан чечилери тууралуу так жооп болгон жок.

Өзбекстан менен ЕАЭБ өлкөлөрү арасында бажы чек араларына байланыштуу маалымат алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо, биримдиктин келерки жылдагы багыттары, мүчө мамлекеттер арасында каржы рыногу, курулуш тармагы, туризм, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык тармактар жана башка багыттагы бир катар документтерге кол коюлду.

СТ-1 ЕАЭБде талап кылынабы?

Декабрдын биринен тартып Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы Орусияга товар саткан кыргызстандык ишкерлерге товардын кайдан чыкканын тастыктаган СТ-1 деп аталган сертификатты алуусун талап кыла баштады. СТ-1 – товар Орусияда же ЕАЭБге кирген өлкөдө өндүрүлгөнүн ырастаган документ.

Буга чейин бул документсиз эле өз товарларын Орусияга сатып келгенин айткан ишкерлер Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү экенин эске алып, кошумча түйшүк катары баалап жатышат.

Тигүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы Дилорамкан Дүйшөбаева "Азаттыкка" курган маегинде Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Экспорт, Соода-өнөр жай палатасынын жооптуу өкүлдөрү тигүүчүлөргө Орусия талап кылып жаткан СТ-1 же товардын келип чыгуусун тастыктаган сертификатты алуунун зарылдыгын жана анын жол-жоболорун түшүндүрүп жатышканын айткан.

Бул аралыкта Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы ишкерлерге СТ-1 сертификатын албай койсо Орусияга товар киргизүүдө ЕАЭБден тышкары үчүнчү өлкө катары бажы төлөмдөрүн толук төлөөгө мажбур болорун эскертти. Палатанын коомчулук менен байланыш кызматкери Назира Ахмедова бул документ кыргызстандык ишкерлерге жеңилдик берерин билдирген. Ахмедованын маалыматына караганда, эгер ишкер товарын Орусияга бул сертификатсыз киргизсе, анда ЕАЭБден тышкаркы үчүнчү өлкө катары 1 тонна товары үчүн болжолдуу 2200 евро төлөөгө милдеттүү болот.

Кыргызстанда тигүү тармагы экономиканын негизги багыттарынын бирине айланган. Расмий эсеп боюнча бул тармакта 150 миңге жакын адам эмгектенет. Соңку убактагы көйгөйлөрдөн улам тигүү тармагын жоготуп албайбы деген коркунуч айтылууда.

Кыргыз бийлиги бул тармакты колдоону убада кылып келет. Жакында президент Садыр Жапаров айрым тармактарга колдоо боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкалары жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлөрү айтылган.

Кыргызстанда тигүү тармагына талап күчөдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:58 0:00


Учкучсуз учуучу аппарат.
Учкучсуз учуучу аппарат.

Мекеме долбоор жарандык авиацияда учкучсуз учуучу аппараттардын ишин жөнгө салуу, аларды пайдалануунун тартибин аныктаган нормаларды киргизүү максатын көздөйт деп түшүндүрдү.

Аталган агенттик талкууга чыгарган мыйзам долбоору "АПКР‑6. IV бөлүк. Аба кемелерин эксплуатациялоо. Учкучсуз учуучу аппаратар" деп аталат.

Чет өлкөлөрдөн дрон алып келип Кыргызстанда учурууну каалагандар жана өлкөдөгү дрон ээлери бул эрежелерге шайкеш иш алып барышы керек болот.

Дрондорду каттоо жана реестрге киргизүү, аны башкарган операторго атайы сертификаттарды берүү, анын милдеттерин так аныктоо, дронду учуруу боюнча уюштуруу иштерин пландоо, дронду белгилүү бир бийиктикке учуруу, тартууга болбогон аймактар жана башка бул жааттагы бир катар талаптар жана милдеттемелер коомдук талкууга коюлган документте камтылды.

Мындай эрежелер башка укуктук актыларга өзгөртүү киргизүүнү, республикалык бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбай турганы да айтылды.

2021-жылы эле учкучсуз аппараттарды учуруу жөнүндөгү нускама чыкканы менен буга чейин андагы талаптар көзөмөлдөнбөй келгени белгилүү болду.

Буга чейин бир нече операторлордун дрондорун укук коргоо органдарынын кызматкерлери алып, 7500 сомдон айып пул төлөшкөн.

Алардын бири дронго видео тартып жүргөн Талгат Арыкбаев учкучсуз аппарат жөнүндө атайын нускама бар экенин ошондо билгенин айтып берген эле.

Талгат Арыкбаев.
Талгат Арыкбаев.

"Арабызда беш-алты кишинин дронун милиция кызматкерлери алып коюшкан. Сот аркылуу алып кетесиңер дешкен. 7500 сом айып жазышкан экен", - деди Арыкбаев.

Ноябрь айында авиациялык институтта бир канча жаран авариялык кырдаал, коопсуздук сыяктуу эрежелерди үйрөнө баштаган. 2-3 жума окуп бүткөндөн кийин аларга бериле турган сертификаттын мөөнөтү чектелбейт.

Журналисттердин тынчсыздануусу

Мыйзам долбоорунда калк жашаган жерлерди тартуу үчүн УКМК, ИИМ жана жергиликтүү бийликтен уруксат алыш керек экени да жазылган.

Кыргызстанда бир топ көйгөйлөр дрон менен тартылып көрсөтүлүп келет. Блогерлер дрондору кармалганын жана атайын окуудан өткөнү айтылгандан кийин айрым журналисттер бул эреже тандалма жүрүп же эркин журналисттердин, блогерлердин ишмердигин чектеши мүмкүн деген кооптонуусун айтышкан.

"Журналисттик иликтөө эмес, репортаж тартканда деле дрон ошол көйгөйдүн масштабын көрсөтөт. Жакында биз "кызыл китеп" боюнча Учкун-2 конушун тарттык. Чукул, жарым сааттын ичинде тартуу ишине чыгып кеттик. Эми да ошондой учур болуп калса, “жарандар чогулуп жатабыз, чагылдырып бергиле, сураныч, бийликке үнүбүздү жеткирип бергиле” десе, биз тиешелүү органдан уруксат сурап жүрсөк убакыттан уттурабыз. Уруксат береби-бербейби кепилдик жок. Себеби, жарандар райондук администрациянын, мамлекеттик каттоо кызматынын алдына чогулушу мүмкүн. Дрон журналисттик материал үчүн өтө маанилүү", - деди журналист Асел Сооронбаева.

Борбор Азиянын өлкөлөрүндө дрон тартуу боюнча бир топ чектөөлөр бар. Казакстанда авиакырсыкты тарткан блогер милицияга жеткирилип, айып пул төлөп чыккан.

Сөз болгон долбоор колдоо таап, ишке кирсе Кыргызстанда дрон сатып алып видео тартып, акча табам же жөн эле кооз жерлерди тарткым келет дегендер да атайын окуудан өтүп, дронун каттатышы керек болот.

Курстун узактыгы 2-3 жумага созулуп, акчасы тайпадагы кишинин санына жараша 12-21 миң сомдун тегереги болушу ыктымал.

Дагы жүктөңүз

 

XS
SM
MD
LG