Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:05

Одессадагы портто ун жана өсүмдүк майы жүктөлгөн 30 контейнер өрттөндү


Одессада 120 миңден ашуун абонент электр жарыгысыз калууда. 13-декабрь 2025-жыл
Одессада 120 миңден ашуун абонент электр жарыгысыз калууда. 13-декабрь 2025-жыл

Украинанын куралдуу күчтөрү 22-декабрга караган түнү орус аскерлери 86 дрон менен чабуул койгонун, 58и атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Украинанын кайра куруу иштери боюнча вице-премьер-министри Алексей Кулебанын маалыматына караганда, Одесса облусундагы «Южный» портунда өрт тутанды, ун жана өсүмдүк майы жүктөлгөн 30 контейнер күйдү. Анын айтымында, «Орусия порт жана энергетика инфраструктурасына сокку уруу менен деңиз логистикасын кыйратууну көздөйт».

Ай башынан бери күн сайын аткылоого туш болгон облуста 120 миңден ашуун абонент электр жарыгысыз калууда.

Херсондо эртең мененки аткылоодон 56 жаштагы жергиликтүү аял башынан жана денесинен жараат алганын жергиликтүү администрация маалымдады.

Житомирде «Шахед» дронунун чабуулунан жүк ташыган поезд рельсадан чыгып кетти. «Украин темир жолдору» компаниясы төрт жумушчу, анын ичинде машинисттер жабыркаганын, окуядан улам башка поезддер кечигип каттап атканын билдирди.

Далилдерге карабай, Орусия жарандык жайларга жана карапайым адамдарга сокку урганын танып келет.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG